Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имараты курула баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Курулушту 2025-жылы бүтүрүү пландалууда.
Капсула салуу иш-чарасына Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов катышты.
Саламаттык сактоо министринин айтымында, оорукананын курулушуна 595 млн сом бөлүнгөн.
Жалпы аянты 6,6 миң чарчы метр, 300 койкалуу ооруканада кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жана ж.б. салынат.