2019 – жылдын акыркы 9 айында ААК «Бишкекжылуулук тармагы» жабдыктарга оңдоп-түзөө иштерин 86 млн. сомго жүргүздү. Бул тууралуу 17-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында компаниянын башкы директору Эркин Абдыкалыков билдирди.
Анын айтымында, жумуш алдын-ала түзүлгөн иш тартипке ылайык жүргүзүлүп жатат.
«Капиталдык курулуштун ири объектилеринин ичинен, Кулатов көчөсүндөгү объекти толугу менен бүткөрүлгөн, 31-октябрга чейин Ахунбаев көчөсүндөгү жана Улан кичи районундагы курулуш бүткөрүлөт. Кышкыга баары даяр, эч кандай тоскоолдуктар жок», - деп билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө айтылгандай, «Бишкекжылуулукэнерго» тармагындагы жоготууну азайтуу үчүн 3 миң 515 метр тармакка оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү жана бардык мештер даярдалды.
«Бүгүнкү күндө 1,9 миң тонна даярдалды. Ошондо көмүргө коюлган пландын 47% аткарылды», - деп жазылат докладта.
«Түндүкэлектро» боюнча 39 км линияга жана 4 транспорттук подстанцияга оңдоп-түзөө иштери жургүзүлүп, 241 трансформатор жана 90 км жогоркувольттук линиялар алмаштырылган.