2018 – жылы КР билим берүү тармагында иштеген жарандардын саны 108 миңге жетип, 9% түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 4 миңге жакын билим берүү мекемелери бар. Жалпы окуучу, студенттердин саны 1.7 млн. адамга жетет.
Мектеп мугалимдердин үчтөн экиси, т.а. 56 миң жаран - шаарларда иштешет. Айыл жергесинде 22 миң мугалим бар. Агартуучулардын 85% - аялдар түзөт. Орточо эсеп менен бир мугалимге 16 окуучу туура келет. Ал эми шаарда бул көрсөткүч 20 окуучуну түзөт.
Эске сала кетсек, 5-октябрда Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленет.