Абылгазиев кыргыз-казак чек ара тилкесинде товарларды каттоо жайынын курулушу менен таанышты

14.12.2019, 12:02 Акчабар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде товарларды каттоо жайынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмүнөн билдиришти.

Пункт «Жалпылоочу жай» аппараттык-программалык комплекси менен жабдылган. Ал Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды каттоого алууну, транспорттук көзөмөл жүргүзүүнү, товарлардын мыйзамсыз кыймылына көзөмөлдү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылууну шарттайт.

Унаа каражаттарынын салмак көлөмдүк көрсөткүчтөрү боюнча маалымат электрондук салмак көлөмдүк көзөмөл динамикалуу системасы аркылуу автоматтык режимде жалпылоочу жайга берилип турат, ал эми анын кызматкерлеринин бардык кыймыл-аракети системада жазылып калат.

Бул система октук оордуктардын салмагын жана жүк транспорттук каражаттардын габариттерин адамдык фактордун катышуусуз, онлайн-режимде видеобайкоо жолу менен мамлекеттик номердик белгилерин таануу аркылуу өлчөөгө шарт түзөт.

Абылгазиев белгилегендей, өкмөт товарлардын кыймылынын ачыктыгын камсыздоого жана контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар комплексин ишке ашырууда.

Анын айтымында, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу жана ачык коргоо үчүн мамлекет бардык товардык агымдарга көзөмөл жүргүзүүнүн таасирдүү механизмин иштеп жатат.

Өкмөт башчы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн бардык ыңгайлуулуктарды, көзөмөл процедураларын ыкчам өтүү шарттарын түзүү зарылдыгына көңүл буруу менен бардык курулуш жана монтаждоо иштерин сапаттуу камсыздоону тапшырды.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу