Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 28 майда, Жогорку Кеңештин комитетине айыл чарба министринин талапкерин сунуштады.
На должКыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматына Эркинбек Чодуев сунушталды. Буга чейин ал отставкага кеткен айыл чарба министринин орун басары болуп иштеп келген.
Эгерде комитет жактырса, анда анын талапкерлиги жалпы палата каралат.
Эркинбек Чодуев Фрунзе политехникалык институтун«инженер-куруучу» адистиги боюнча билимге ээ болуп, кийин Кыргыз Улуттук университеттин «экономист» жана«юрист» адистиктерин алган.
1987 - 1999-жылдар аралыгында «Ош строй» ишканасында мастер, кийин 1999 -2011-жылдары «Лиматекс» пахта комбинатынын генералдык директору болгон. 2011 -2014 жылдарда – «Ак-Текс» ЖЧК директор жана 2014-жылдан бери министрдин орун басары.
Эскерте кетели, буга чейин айыл чарба министрлигин кризистен чыгаруу сунушу менен Тилек Токтогазиев бул кызматка келүүгө даярмын деп жар салган.