Бишкекте айып пулдун көлөмүнө каршы флешмоб өтөт

24.10.2019, 11:47 Акчабар
Бишкекте айып пулдун көлөмүнө каршы флешмоб өтөт

4-ноябрда Бишкекте айыппулдун көлөмүн азайтуу максатында флешмоб өтөт. Бул тууралуу «Фейсбуктун» колдонуучусу Марипа Алайкулова баракчасына жазды.

Айтымында, жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып- 3 миң сом элдин социалдык-саясий абалына туура келбейт.

«Бул күнү Бишкектин көчөлөрүндө айдоочулар чогулуп сигнал басабыз», -дейт демилгечи.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дагы жол кыймылынын эрежелерин бузууда салынган айыппулду азайтууну сунуштаган.

Эске салсак, Бузуулар тууралуу кодексти былтыр кабыл алышкан. Документ ушул жылдын 1-январынан тарта ишке кирген.

 

Тэги: айыппул флешмоб көлөм азайтуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу