Евразия экономикалык комиссиянын, интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиялар мүчөсү Сергей Глазьев жыл сайын өтө туруучу XIV эл аралык «Евразия экономикалык интеграция» аталыштагы конференцияда интеграциянын жалпы жыйынтыгын салыштырды.
Анын айтымында, 5 жыл ичинде Арменияда ИДП - 34% , Кыргызстанда – 35% түзгөн. Украинанын ИДПсы 30% түшүп кеткенин белгиледи. Арменияда өнөр-жай өндүрүшү - 57% Кыргызстанда – 25% жогорулаган. Ал эми Украинада 22% түшүп кеткен.
«Бул жылы инвестициянын көлөмү Арменияда - 57% , Кыргызстанда – 25% өскөн. Украинада бул жаатта дагы көрсөткүч төмөндөп кеткен. Армениянын тышкы соодасы өстү: экспорт – 67%. Кыргызстанда 9% жогорулаган. Украинада тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 30% түшүп кеткен», - деп айтты.
Анын айтымында, ЕЭКтин эсеби менен, окумуштуулардын эсеби дал келген.