Азербайжан Бишкекке мектеп жана «Достук» паркын курат

10.01.2020, 17:00 Акчабар
Азербайжан Бишкекке мектеп жана «Достук» паркын курат

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат. Бул боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркын курууга капсула салуу аземинде билдирди.

Мындан тышкары, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын «Көк-Жар» конушунда орто мектеп куруу ниетинде.

Мамлекет башчысы бул иш-чаралар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи.

Парк Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылары белгиленди.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 га аянтты ээлейт.

Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары ж. б. орнотулат.

 

 

Тэги: Достук паркы Ажербайжан Кыргызстан мектеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу