Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) массалык маалымат каражаттарына жарыяланган «накталай акчалар аркылуу вирус жугат» деген маалыматты четке какты. Жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдө банкноттор аркылуу вирус жуктуруп алынган учур катталган эмес.
«Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, накталай каражаттар аркылуу вирус жугат деп эч кандай маалымат тараткан эмес. Биз бул боюнча расмий билдирүү жасаган эмеспиз», — деп айтты БДСУнун басма сөз катчысы Фадел Чейб эл аралык Market Watch финансы порталында.
Андан сырткары БДСУ тарабынан карантин учурунда банкомат кызматын көрсөткөн бардык банктарга санитардык тазалыкты сактоо, маал-маалы менен банкоматтарды дезинфекциялоо сунушу берилген.