Кыргызстанда насыяны көбүнчө аялдар алат

26.04.2024, 10:31 Акчабар
Кыргызстанда насыяны көбүнчө аялдар алат

Быйылкы жылы микрокредиттик уюмдардан 739,6 миң адам 50 миллиард 774,4 миллион сомго насыя алышкан. Өткөн жылга салыштырмалуу микрокредит менен камтылган калктын саны 10,1%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29,5%га, же 11 млрд 551,5 млн сомго көбөйдү.

Микрокредиттердин негизги бөлүгү бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө (44,4%) жана 6 айдан 12 айга чейин (38,5%) берилген.

Микрокредит алуучулардын арасында аялдар басымдуулук кылат – 57,7% (426,8 миң адам).

2023-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48,2% керектөө муктаждыктарына, 22,8%ы айыл чарбасындагы ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, 12,1%ы соода жана коомдук тамактанууга, 5,5%ы курулушка алынган.

Тэги: новости Кыргызстана Микрокредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу