Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы» мекемеси «А» классындагы тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, шаарга 6 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда. Ал үчүн 14 млн 739 миң 996 сом каралган.
Сынактык билдирүүлөрдү калтыруунун акыркы мөөнөтү – 15-июль.