Бишкекте санитардык-экологиялык эрежелерди бузган кафелерге айыппул салынды

17.08.2020, 16:25 Акчабар
Бишкекте санитардык-экологиялык эрежелерди бузган кафелерге айыппул салынды

Бишкекте санитардык-экологиялык эрежелерди бузган кафелерге 46 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

 

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 90 чарба субъектиси текшерилип, Бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча 46 миң сомго 12 протокол толтурулган. Санитардык нормаларды бузгандардын арасында «Кайнар», «Палацио», «Сары Өзөн» ресторандары, «Абстракт» кафеси, Турусбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» супермаркети, «Даамдуу» тез тамактануучу жайы бар.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номери: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Тэги: Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу