Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу боюнча соттук отуруму жылдырылды

22.01.2020, 17:30 Акчабар
Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу боюнча соттук отуруму жылдырылды

Бүгүн, 22-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Отурум күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу жылдырылды. Ошондой эле жактоочу тарап кошумча күбөлөрдөн көрсөтмө алуу маселесин көтөрдү. Прокурор билдиргендей, отурумдун тартиби орнотулган жана негизги күбөлөрдөн сурак алган соң гана алардын көрсөтмө алууга болот.

Кийинки отурум 29-январда өтөт.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

 

 

Тэги: мыйзамсыз баюу соттук отурум Дүйшөнбек Зилалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу