Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысынын Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоосу пландаштырылууда.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.