Салык кызматы сайт аркылуу электрондук түрдө 37 миң 916 патент берген

12.10.2019, 10:13 Акчабар
Салык кызматы сайт аркылуу электрондук түрдө 37 миң 916 патент берген

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып сайт аркылуу электрондук түрдө 37 миң 916 даана патент берген. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Экономикалык ишти жүзөгө ашырууга электрондук патентти эки ыкмада: МСКнын www.salyk.kg — «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервиси жана eID-карта (2017-жылдан тартып жаңы үлгүдөгү паспорт) менен алууга болот.

Азыркы учурда электрондук патент алуу үчүн бир катар банктардын карточкалары («Демир банк», «Кыргызстан» банк, «РСК Банк», «Азия Банкы», «Оптима банк», «Керемет Банк», «БТА банк») аркылуу, ошондой эле «Элсом», «Умай» жана "Аманат«мобилдик капчыктары аркылуу төлөнүүдө.

Ошондой эле, «Оптима банк», «РСК Банк», «Айыл Банк», «БТА банк», Quickpay, Megacom, AsisNur, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана «РСК-Банктын» жана «Айыл Банк» кассалары аркылуу накталай акы төлөөгө болот.

Электрондук патент интернет аркылуу сатып алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түздү, анын ичинде салыкчылар менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы түз байланышты кыскартты, бул болсо коррупциянын тобокелдигин азайтмакчы.

Тэги: салык кызматы патент электрондук патент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу