akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-13-05, 15:03

    Базарда соода жайын ижарага бергендер үчүн жаңы патент киргизилди

    Кыргызстанда базарларда соода жайларын ижарага бергендер үчүн жаңы патенттик система киргизилүүдө. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, Патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишмердиктин түрлөрүнүн бекитилген тизмеси иштин жаңы түрү менен толукталды — "Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянт".

    "Бул ишмердиктин түрү жеке жактарга соода ишинде пайдаланылуучу соода жайын субижарага берүүдөн алынган кирешенин суммасынан патенттин негизинде салык төлөө укугун берет. 

    Салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн форматта электрондук патентти тариздөө жана төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле жарандар мүлктүн жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта. 

    Кошумча маалыматты 116 номери аркылуу алууга болот.


    Тектеш материалды окуу