Фермерлерге 4.3 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

17.06.2019, 09:30 Акчабар
Фермерлерге 4.3 млрд сом жеңилдетилген  насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоорунун алкагында 4,3 млрд сомго 9 306 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу  Финансы министрлиги билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтары боюнча, 2019-жылдын 7-июнуна карата «Айыл чарбаны каржылоо – 7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 млрд 294,7 млн сомго 9 306 жеңилдетилген насыя берилди. Анын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 956,1 млн сомго 2 528 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка – 2 млрд 532,4 млн сомго 6 555 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө – 806,2 млн сомго 223 жеңилдетилген насыя берилди.

Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет. 

Тэги: сельское хозяйство фермеры кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу