Каржы полициясы мамлекеттин бюджетине 2.5 млн. сом кайтарды

23.09.2019, 10:37 Акчабар
Каржы полициясы мамлекеттин бюджетине 2.5 млн. сом кайтарды

КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Нарын облусунда жүк ташуу боюнча сотко чейинки жол-жоболорду аткаруу мезгилинде каттоодон өтпөгөн оор жүк ташуучу унаалардан келтирилген 2 млн. 522 миң 133 сом  чыгым бюджетке кайтарылды. 

2019 – жылдын июль айында Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына келе жаткан «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автомашинадагы керектөөчү товарлардын документтери жок болуп чыккан. 

Текшерүү учурунда, унаада 10 даана товардын коштоочу документтери болгон, ал эми калган 43 товардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. 

КР соода өнөр-жай палатасы жана “Нарын” бажысы жүргүзгөн эсепке ылайык,  төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 2 млн. сомду түзгөн. 

Бул иш КР Кылмыш жаза кодексинин 223 беренесине “Экономикалык контрабанда” ылайык, Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталды.   

Кр Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кабыл алган чаранын натыйжасында, мамлекеттин бюджетине 2 млн. 522 миң 133 сом кайтарылды. 

Учурда бул факт боюнча чотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. 

 

Тэги: Финполиция ущерб налоги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу