МСК 2019-жылы 723 млн сом салык жыйнаган

01.07.2019, 16:21 Акчабар
МСК 2019-жылы 723 млн сом салык жыйнаган

Бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын салык органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилөөдө.
 

Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөнүнүн 29 жылдыгына карата салтанаттуу чогулуш өткөрүлүп, ага Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, Бишкек шаары жана Чүй облусунун салык органдарынын начальниктери жана ведомствонун борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле мыкты салык төлөөчүлөр катышышты.
 

Фискалдык органдын башчысы кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктоо менен бирге, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, салыктык башкаруу процесстерин модернизациялоо жана оптималдаштыруу боюнча салык системасында жүргүзүлгөн реформалардын жана коррупцияга каршы саясаттын жыйынтыктары, ошондой эле ведомствонун алдына коюлган жаңы милдеттери туурасында кыскача айтып өттү.
 

Теңизбек Абжапаров салык төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн электрондук тейлөөлөрдү кеңейтүү боюнча оңдуу иштерди белгиледи. Бүгүнкү күндө салык отчетун электрондук түрдө 130 миңден ашуун салык төлөөчү тапшырууда.
 

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында мамлекеттик бюджеттин кирешесине салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 38,2 млрд сомду түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 723 млн сомго өскөн.
 

Салык кызматынын башчысы ошондой эле акыркы жылдарда салык кызматы кабыл алган кошумча функциялар жөнүндө эске салды. Алардын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында импорт боюнча кыйыр салыктарды башкаруу, жеке жактарды мамлекеттик каттоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциялары жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар берилген.
 

Ведомствонун алдында турган маанилүү милдеттердин катарында мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагындагы санариптештирүү жана салыктык жол-жоболорду электрондук фискалдаштырууну ишке киргизүү боюнча бир катар маанилүү долбоорлорду ишке киргизүү жана ишке ашыруу экендигин Салык кызматынын төрагасы Т. Абжапаров белгилеп өттү. Алсак, ушул жылдын 1-июнунан тартып КНСтин электрондук эсеп-фактураларын берүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Ошону менен бирге, Салык кызматы Өкмөттүн токтому менен үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда кабыл алынган 2019-2021-жылдарга карата МСКнын өнүгүү стратегиясына киргизилген маанилүү багыттардын бирине ылайык, заманбап, дистанттык методдорду колдонуу менен – башкаруунун жаңы форматына өтүүдө.
 

Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун куттуктоо сөзүнөн кийин мыкты салык төлөөчүлөрдү, ошондой эле, салык органдарынын кызматкерлерин өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Тэги: налоги госбюджет день налогового работника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу