Салыкчылар Дүйнөлүк акча жумалыгында салыктар айтып беришти

23.04.2019, 10:45 Акчабар
Салыкчылар Дүйнөлүк акча жумалыгында салыктар айтып беришти

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгында  Кыргызстандын салыкчылары борбордо жана ири шаарларда салык боюнча сабаттуу болууга чакырган иш-чараларды өткөрүштү.  

«Бир апта аралыгында МСК мектеп окуучулары үчун адатка айланган сабактарды өтүп, салык боюнча сабаттуу болууга чакырды. Ушундай эле окуу  студенттер арасында да өттү.  Анда экономикалык багыттагы эмес студенттерге ачк эшик уюштурулуп, ал эми экономикалык багыттагы студенттер арасында брейн-ринг уюштурулду», —деп маалымдашты мамлекеттик кызматта. 

Салык кызматкерлери өлкөнүн салык системасы менен тааныштырды. Анда салыкчылардын сайтын кантип колдонуу керектигин, электрондук патент алууну, счет-фактура менен  Интернет аркылуу финансы отчетту тапшыруу керектигин түшүндурдү. 

Экономика багытында жогорку окуу жайлар менен  орто билим берүү системасында окуп жаткан студенттер арасында таймаш уюштурулуп, анда женишке жетишкен командалар диплом жана Улуттук банк, «Бакай Банк», «Оптима Банк» менен «Сенти»  компаниялары даярдаган баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

«Биринчи жолу Акча жумалыгында Мамлекеттик салык кызматы менен Юридика Академиясы  «Менин салыктарым кайда жумшалат?» -деген эссе жазууга сыанк уюштуруп, ага Ленин районунун  26  мектеби катышкан. эссени мыкты жазган авторлор Улуттук банк, «Бакай Банк», «Оптима Банк» менен «Сенти»  компаниялары даярдаган баалуу сыйлыктарга ээ болушту», —деп билдирет МСК. 

Салык боюнча иш-чарага  2 миң адам катышып, анын  1.7 миңи  55 мектеп, гимназия менен лицейдин окуучулары болсо, 17 ЖОЖ 300 студент катыша алышты.  Алар үчүн  270 салык кызматынын адистери, мугалим жана салык төлөөчүлөр  салык төлөө  боюнча турумуштук сабактары менен бөлушкөн. 

Тэги: налоги Всемирная неделя денег Кыргызстан ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу