Газ түтүгүн куруунун жалпы суммасы $1.2 млрд. Кыргызстан салык түрүндө эле 30 жылда эксплуатация үчүн $2.15 млрд пайда көрөт. Бул 2013-жылы 11-сентябрдагы Кыргызстан менен Кытай келишимине ылайык жүрөт. «Кыргызстан –Китай» газ түтүгү тууралуу өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Эскерте кетели, бул долбоордун алкагында Алай менен Чоң Алай аймагы аркылуу магистралдык түтүктүн төртүнчү багытты өтөт. «Борбордук Азия – Кытай» долбоору аркылуу Түркмөн газы Өзбекстан, Таджикистана жана Кыргызстана аркылуу Кытайга жеткирилет.
Газ түтүгүннүн биздин олкөнү аралаган жери 215 чакырым болуп, өткөрүү кубаттуулугу – жылына 30 млрд куб болот
Газ түтүгүн куруу 2016-жылы белгиленген. Бирок, Түркменстандагы газ корунун өзгөрүшү жана Кытай менен транзиттик өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу куруу иштери 2019-жылы башталып, ал 2022-жылы аякташы керек.
«Жолугушуу маалында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев SINO-Pipeline International Company Limited башкы директору Мэн Фанчун менен апрелде жолугушканда, керектүү товарларды жергиликтүү рыноктон сатып алуу тууралуу сөз болгон. Ошондой эле, курулуш тармагындагы иштерге жергиликтүү адисттер тартылат. Алай менен Чоң-Алай райондорундагы мектептин 30 бүтүрүүчүсүн 2018-жылы Кытайга окууга жөнөтүшкөн. Газ тармагы боюнча адистикке ээ болуп келген адисттерди иш менен камсыз кылуу тууралу», – сөз болду деп билдирди Сагынбаев.
Кыргызстан аркылуу өтүүчү газ түтүгүн колдонуу боюнча биргелешкен ишкана каралбайт. Анткени, баардык каражаттар Кытай тараптан болгондуктан, Казахстан менен Таджикстандыкындай биргелешкен ишкана курулбайт.
«Бул газ түтүгү Кытай тараптын акчасына курулуп жаткандыктан, биргелешкен ишкана куруу каралган эмес. Бул 2013-жылы кабыл алынган келишим жана ратификацияланган мыйзамга ылайык жүрүүдө. Андыктан, Казахстан менен Таджикистан сыяктуу биргелешкен ишкана курулбайт. Анткени, алар каражаттарын кошушкан», — деп билдирди Сагынбаев.