Чакан өлкө Голландия €100 млрд жылына айыл чарбадан табышат. Кантип?

06.06.2019, 10:18 Акчабар
Чакан өлкө Голландия €100 млрд жылына айыл чарбадан табышат. Кантип?

Чакан өлкө Голлания бүт  Европаны азык түлүк менен камсыздайт. Кантип дейсизби? Жаңы технологиялар жана тынымсыз аракеттер менен  Америкага кууп жетип калды. Кыргызстан биз дагы Голландия жасаганды жасай алабызбы? 

Нидерланд — Европада жыш жайгашкан чакан өлкө. Калктын жайгашуусу  бир квадарт километрге 496 адам тура келет. Голландия калктын жайгашуусу боюнча дүйнөдө 65 орунда турса, Кыргызстан 108 орунда. Демек, бизде жер ресурсу аларга караганда алда канча кеңири. 

Бизде жер жетиштүү болсо, Нидерландия чакан жери менен кантип дүйнөлүк рынокто Америкадан кийинки орунга чыгып, масштабдуу айыл чарба азыктарын сатууда? 

Голландия айдоо аянтары менен эмес, күнөсканалары менен асмандан ажайып көрүнүп турат. 

Баардык күнөсканалар күн энергиясы менен курулуп, кечинде ар кандай түскө боелот. Ал эми алар жыл боюу азык менен дүйнөнү камсыздап келет. А эмнеге бизде жасоого болбосун? 

Болот. Бирок, ага эрк жана акыл керек. Алсак, 70 гектарга созулган күнөсканалар, түндүк уюлдан болгону 1600 чакырым жайгашканына карабай Голландияны жылуулукту жактырган айыл чарба азыктарын дүйнөдө экспорттодо лидер кылды. Анда томаттын  (помидор) түрү өсөт. 

Картөшкө, пияз өндүрүүдө Голландия алдыда. Ал эми жашылча-жемиште дүйнөдө экинчи орунда. Ал эми урук сатууда кайрадан эле Голландия дүйнөлүк рынокто үчүнчү орунда. 

Нидерландия буга кантип жетишти? Болгону айыл жана мал чарба  тармагына инновациялык технологияларды колдонду.  

Болгону 18-жылда лидерликке чыкты. 2000-жылдан бери Голландия  химиялык  пестициддерди колдонбойт.  2009-жылдан бери мал багууда 60% антибиотиктерден баш тартышкан.  Учурда Нидерланд дүйнөдө азык -түлүктү экспорттодо Америкадан кийинки позицияга чыккан. Айта кетсек, Америка Нидерландиядан 270 эсе жери чоң. 
Климат-көзөмөлдөгү күнөсканалары жыл боюу киреше берет. 

Ал эми тооктун этине болгон суроо талаптын жогорулашы менен алар жаңы технология ойлоп чыгышты. Бирок, жаныбарга залал келтирбей тамактануусуна гана көңүл буруп, экологиялык нак азык чыгарууда.

Картошкө фермалары эки эсе жогору түшүм алышат.  

Сугат үчүн болгону жаандын суусун колдонушат. Эгерде ачык талаада 60 литр суу кетсе, жабык күнөсканада болгону 15 литр суу жетиштүү.

Жыл сайын томаттар (помидорлор) жаңы уруктан себилет. Ал эми эски сөңгөктөрү кайрадан иштетилип, түшүм үчүн жашиктер жасалат. Ал эми зыянкеч курт-кумурска үчүн-кенелерди колдонушат. Ооба, кенелер томаттын өзүн жебей, курт-кумурскалар менен азыктанышат.  

Нидерландия урук сатууда  2016-жылы  $1,7 миллиард киреше табышкан. Айтмакчы, алар рынокко генномодификация жасалган эмес, нукра уруктарды сатышат. Алтургай, алар зыянкечтерден өздөрү сактануучу уруктарды рынокко чыгарышты.  Голландиянын жогорку технологиялык  бир томатынын уругу $0,50 туруп, 68 кг түшүм берет. Нидерландия бир гана Европаны гана эмес, бизге окшоп өнүгүп жаткан өлкөлөргө экспорттону көздөшөт. 

Бул чакан өлкө былтыр 90 млрд евро табышкан. (видео интернеттен алдынды, орус тилинде) 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу