Кыргызстанда IT академиялары ачылат

29.06.2019, 08:12 Акчабар
Кыргызстанда IT академиялары ачылат

Кыргызстандында  IT академиялары ачылат. Жогорку техналогиялар боюнча окуу жайлар Ош жана Каракол шаарларында ачылып, алгачкы IT академиянын эшиги 1-сентябрда ачылат. Бул тууралуу  «Акчабарга» билим берүү министринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов билдирди.

Академия дүйнөлүк талаптарга ылайыктуу түзүлүп, жылына 300 бүтүрүүчү чыгарат. Окуу акылуу, аз камсыз болгон, көп балалуу жана ата-энеси жок балдар бекер билим ала алышат. Алар үчүн окуу жайда 20% орун каралган. Ал эми калган балдар үчүн акы төлөп окуушат. 

Билим берүү министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп жакында дайындалган жеке ишкер Нурсултан Кубанов Корей инвесторлору менен сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу окуу жайды ачууга жетишкени тууралуу билдирди. 

«Азыр «Samsung» компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мыкты бүтүрүүчүлөргө Кореяга барып практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Чынында аймактагы жаштар маалыматтык жаңылануудан суусап турушат, ошого байланыштуу IT Академияны аймактарда ачуу — менин принципиалдуу позициям«, — дейт Кубанов.

Академиянын биринчиси быйыл 1-сентябрда Ош шаарында, экинчиси 2020-жылы Карколдо ачылат. Ош шаарындагы академияга кабыл алуу 15-июлдан 30-июлга чейин жүргүзүлөт.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу