27-апрелден 11-майга чейин Ош шаарында жайгашкан “Сом плюс” акча алмаштыруу жайы убактылуу ишин токтотту . Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Мындай чечим КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу кабыл алынган.
Акча алмаштыруу жайынын лицензиясы эки жумага токтотулду.