Бишкек ЖЭБде учурда 7 буу казанга оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки жылы сегизинчи буу казан ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевтин иш сапарында ЖЭБ Бишкектин директору Андрей Воропаев билдирди.
«Жылуулук мезгилинде 8-9 буу казан ишке кирет, ал эми кошумча 6 буу казан даярдалып турат», - деп билдирди.
Андан сырткары, видео байкоолор ушул жылы ЖЭБтин ичиндеги бардык жерге орнотулганын кошумчалады.