Кабыл Абдалиев бир катар салык кызматкерлердин ишин сынга алды

11.12.2019, 16:30 Акчабар
Кабыл Абдалиев бир катар салык кызматкерлердин ишин сынга алды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды көрбөгөн бир катар аймактык салык органдарынын ишин сынга алды. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жаатында таасирдүү натыйжалардын жоктугун белгиледи.
 

«Бардык аймактык салык органдарында жана МСКнын борбордук аппаратында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин штаты толугу менен камсыздалган. Бирок, алардын ишинин жыйынтыктары коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу боюнча күч-аракеттердин жетишсиздигин күбөлөндүрөт. Мамлекеттик салык кызматынын көптөгөн башкармалыктарынын начальниктери карызы бар субъектилер менен иштешүүдө демилгесиздикти жана шалаакылыкты көрсөтүшүүдө»,- деп жазылат маалыматта. 

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдөн карыздарды өндүрүү үчүн сотко 60 аймактык салык органдын ичинен 12си гана материал берген.

Жыйынтыгында ал ишинде оң натыйжаларды бербеген, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча шалаакылык мамиле кылган салык органдарынын жетекчилерине карата тийиштүү чечимдер кабыл алынып, чаралар көрүлөөрү тууралуу эскертти.

 

Тэги: Кабыл Абдалиев салык кызматкерлери сынга алды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу