Россиянын экономикасы май майрамынан чыгаша тартыбы?

10.05.2019, 09:45 Акчабар
Россиянын экономикасы май майрамынан чыгаша тартыбы?

Россияны дүйнөдөгү эң көп эс алган мамлекет деп атаганы менен башкаларга салыштырганда андай эмес.  Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү  (ОЭСР) уюмунун статистикасына таянсак, 2017-жылдагы ачык маалыматтар боюнча кызматкерлердин иштөө мөөнөтү 1 миң 978 саат жылына каралган. АКШ менен Канадада жана Европанын көп мамлекеттеринде бул көрсөткүч аз: алсак, Британияда 1 миң 543 саат, Германияда — 1 миң 356 саат. Бул тууралуу rb.ru. салыштыруу жасаган. 

Ушул эле маалдда  2019-жылы Россияда  14 майрам күн белгиленет. Ал эми Британияда майрамдар аз, жыл ичинде болгону —  8,  Финляндияда — 15, ал эми Кытайдагы жыл ичиндеги майрамдардын саны 21 жетет.

Майрамдар "экономикада" маанай түшүрөбү? 

Эксперттердин эсептөөсү  боюнча майрамдардын экономикага тийгизген кесепети тууралуу ар бир тармакты өз-өзүнчө кароо керек. 

«Кен казуу тармагы үзгүлтүксуз иштейт. Мунай, газ, көмүр казуу тармагында — майрамдар жок. Анткени, тармактын өзгөчөлүгү ушундай —ар бир айда жумуш үзгүлтуксуз жүрөт. А эгер бут кийим чыгарган жайды алсак, ал жерде  стандарт — 24  иш күн дем алыштары менен каралган. Майда баардыгы эле 24 күн эмес, 17 күн иштешет. Ошондо, жалпы көлөмдөн 7 күн кем болууда. Бирок, бул экономика үчүн эч кандай деле коркунуч  жаратпайт.  А эгер жаңы майрам киргизилсе, бул экономикага терс таасир этет», — деп комментарий берди Конъюнктуралык изилдөөлөр Институтунун  статистикалык изилдөө боюнча борбордун директору Георгий Остапкович.


Ал эми айрым тармактар үчүн майрам кирешелүү  болоорун дагы эске алышыбыз керек. 

«Экономикалык активдүүлүктө мезгилдик мерчемдер бар. Энергетиктер үчүн экинчи квартал— жакшы эмес мезгил, анткени, жылытуу азаят. Ал эми жүк ташуу көбөйөт. Анткени, эл эс алып баштайт. Жалпысынан алганда май  майрамдары экономика үчүн өлүк сезон эмес. Эгерде сезондук фактордун динамикасына карсак,  (ИДӨ базасы), анын өсүү темпи  май айында  жылдык эсепте бирдей катнашта. Январга салыштырганда, анда өсүү темпи төмөн, анткени бул учурда бажы жана банктар дагы иштебейт», —деп билдирди макроаналитик Raiffeisenbank Станислав Мурашев.

Мурашев билдиргенине караганда ИДӨ  мамлекеттик майрамдар нигативдүү таасир этпейт. 

«Майрамдар мезгилдик маанайга ээ экенинм түшүнүү  менен кабыл алуу керек. Майрамдоодон экономикада динамика өзгөрбөйт. Албетте, майрамдардын кесепети менен экономикадагы өндүрүү көлөмү аз болот. Эгерде бизде 274 иш күн эмес, а 365 күн болсо, анда  теоретикалык жактан экономика көп акча тапмак, ИДӨ 100 трлн рубль эмес, 102. Бирок, майрамды кыскартуу экономиканын көлөмүнө  гана таасир этип, өсүүсүнө шарт түзбөйт. Анткени, майрамдар жөн эле берилбейт, адамдарга эс алуу керек», — деп билдирди ал. 


Майрамсыз иштөөдө адамдар  «күйүп кетет»

«Эгерде майрамдагы  «чыгашаларды» эсептесек,  ушундай эле таризде майрамда иштөө же 8-саат иш күндүн ордуна 14 саат иштөөнүн кесепеттерин дагы эсепке алуубуз зарыл. Майрамдагы төлөөнгөн акы социалдык  мамлекеттеги негизги элемент. Албетте, жумушчуларды эс алуусуз жана дем алышсыз 14 сааттан иштетсе болот. Бирок, жыйынтыгында  жаңы кызматкерлерге үйрөтүүгө  көп кражат кетет. Анткени, эски жумушчулардын продукция берүүсү төмөндөйт», — деп билдирди саясат илими боюнча кандидат, доцент Илья Матвеев.

Экономика үчүн — өндүрүмдүү эмгек

Эмгектин өндүрүмдүүлүгү — бул ИДӨ, ал ар бир саатта адамдардын өндүргөн товары. Россиияда 2017-жылы  $26.5 саат болгон. Бул көрсөткүч  7% өскөнүнө карабай, ал төмөн калган.  Ушундай эле абал  Мексикада. 

Эмгектеги өндүрүмдүн орточо калуусу Эл аралык стандартта $54.8 саат, Биританияда $61, рейтингдин лидерлери, Ирландия менен Люксембургда —$99 саатына товар өндүрөт. 

«Россия технологиялык процессте  дүйнөдөн 10 жылга арта калса, а айрым аймактары 20 жылга кеч калууда. Биз экономикада арттан кууп бара жаткан мамлекетпиз. Өндүрмүдүн төмөндүгү тетиктердин эскилиги жетип калган. Росстаттын маалыматына таянсак,  өндүрүштөгү тетиктердин  иштен чыгуу коэфициенти 53-55% жетет. Кен казуу тармагында 33%  тетик иштен чыгаруу зарыл. Ошондуктан, өндүрүмдү өстүрүү абдан оор. Ага адамдардын жалкоолгу себепчи эмес деп билдирди. Россиялыктар Германия, Франция менен Британиядагыдай эле иш иштешет. Бирок, Британияда бир күндө бир адам эки же үч эсе товар көп өндүрөт. Анткени, ал жаңы  тетик менен иштейт », — деп жыйынтыктады Георгий Остапкович.

Тэги: майские праздники экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу