Май айынан тарта курулуш объектилери текшериле баштады

02.05.2024, 09:15 Акчабар
Май айынан тарта курулуш объектилери текшериле баштады

Мамкурулуш 1-майдан тарта курулуш объектилеринин талаптарга шайкештигин жана мыйзам бузуулардын бар-жоктугун текшере баштайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин директору Эрназарбек Сүйөркулов “Биринчи радиого” билдирди. 

Анын айтымында, имараттары курулуп жаткан объектилердин реестринде турган бардык курулуш компанияларына билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилет. 

“Катуу шамал тосмолордон жана курулуш аянттарынан кирпичти, металлды жана башка курулуш материалдарын учурганын баарыбыз көрдүк. Курулуш материалдары унааларга зыян келтирип, жолдорго кулады. Эгерде талаптар аткарылып, объектилер талаптагыдай тосулса, тегереги тор менен курчалган болсо, анда мындай зыян бир топ аз болмок”, - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: май айы курулуш объектилер мыйзам бузуу мамкурулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу