«Кыргызстанга инвестиция жасайм» долбоору бизнести өнүктүрүү үчүн эң мыкты стартап-идея үчүн сынак жарыялайт.
Сынактын жеңүүчүлөрү менен финалга чыккандар 1 млн сомго чейин сыйлык алышып, бизнес-идеясын ишке ашырууга мүмкүндүк алышат. Сынак «Бакай Банк» ААК тарабынан каржыланып, банк үч жылга чейин күрөөсүз, жылына 2% ченде насыя бермекчи.
Сынакка катышуу үчүн арыздар 2019-жылдын 22-июнуна чейин кабыл алынып, жыйынтыгы Бишкекте уюштурулат. Сынакка катышуу акысыз.
Сынактын башкы максаты«Кыргызстанга инвестиция жасайм» —чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, бизнести колдоо. Ага Кыргыз Республикасынын 18-жаштан жогору баардык жарандары катыша алат.
Сынакка катышып жаткан долбоорлор социалдын мааниге ээ, өзгөчөлөнгөн жана инновациялык жаңылык киргизүүсү абзел.
Сынакка катышуу үчүн бизнес-план жазылган презентацияны team.investorkg@gmail.com электрондук дарегине 22-июнга чейин жөнөтүүгө тийиш.
Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү тел.: 0 (555) 900-700, 0 (701) 900-700 кайрылыңыздар.
«Кыргызстанга инвестиция жасайм» долоору иш баштаган ишкерлерге жардам берет. Үч жыл аралыгында 36 стартап колдоого ээ болуп, аларга берилген жалпы сумма 48 млн сом жана 120 млн — жеке инвестордон берилген. 10 минден ашык бизнес тренингдер өткөрүлүп, аймактар дагы камтылган.
Толук маалыматтар бул жерде здесь.