3- 7-июнга чейин байкоого алынган мезгил аралыгында баалуу кагаздардын активдүүлүгү азайды. Ага карабай, баалуу кагаздардын сатылышы 11% өскөн. Бул тууралуу «Сенти» финансы порталы билдирет.
Апта ичинде 60 соода жасалып, анда 12 эмитент-компаниянын баалуу кагаздары сатыкка коюлган. Сооданын жалпы көлөмү 6.53 млн сомго жеткен. Облигациялар секторундагы акциялардын сатылыш 15 эсе жогору болду.
Негизги көрсөткүчтөр | 27.05-31.05 | 03.06-07.06 | Өсүү темпи +/- |
Сооданын көлөмү( сом менен) | 5 880 124.24 | 6 537 479.42 | +11.18% |
Баалуу кагаздардын көлөмү | 258 195 | 18 919 | -92.67% |
Сатуунун көлөмү | 84 | 60 | -28.57% |
Эмитент компаниялардын саны | 16 | 12 | -25% |
Өткөн аптага салыштырмалуу бул байкоого алынган жумадагы акциялардын сатылышы төмөн болуп, биржадагы жалпы сатуунун көлөмү 5.97% түздү. Баардыгы болуп 12 сатуу жана сатып алуу катталып, ага жети команиянын балуу кагаздары чыгарылды. Эң ири сатуу «Кыргызнефтегаз» ААК коомунун акциялары менен жүрдү.
Кыргыз фондулук биржасы билдиргендей «Кыргызнефтегаздын» 2 миң 682 акциясы жалпы суммасы 131 миң 418 сомго сатылган. Эскерте кетели, бул ишканаынн акциялары ушуну менен экинчи ирээт ири көлөмдө сатылууда.
Облигациялар сектору адаттагыдай активдүү. Негизги суроо талап узак мөөнөттөгү көп кирешелүү облигациялар өтүмдүү болууда. Анда «Первая Металлобаза» ЖЧК, «Ихсан Орикс» ЖЧК менен «Салым Финанс» МФУ, «Миң Түркүн» соода түйүнү менен «МИК» облигациялары сатылды. Өткөн аптага салыштырганда облигациялар секторунда , көлөм көбөйүп, баалуу кагаздар 94.03% өскөн. Анда 48 сатуу жана сатып алуу операциялары беш компаниянын баалуу кагаздары арасында жүрдү.
Негизги көрсөткүчтөр | Акция | Салыштырма салмак | Облигация | салыштырма салмак |
Сооданын көлөмү ( сом менен) | 390 612.72 | 5.97% | 6 146 866.7 | 94.03% |
Баалуу кагаздардын саны | 12 976 | 68.59% | 5 943 | 31.41% |
Сатуу/сатып алуунун көлөмү | 12 | 20.00% | 48 | 80.00% |
Эмитент компаниялардын саны | 7 | 58.33% | 5 | 41.67% |
2019-жылы 4- июндагы аукциондун жыйынтыгы боюнча төмөндөгү сатуулар катталды;
Кредиттик аукцион суроо талап жок болгондуктан болгон жок. Мамлекеттик баалуу кагаздар (ГКВ менен ГКО) да сатып алуучулар жок болгондуктан, аукцион болбой калды.
Коммерциялык банктардагы узак мөөнөттөгү депозиттердин абалы 8-13% калууда.