Улуттук банк видеобайкоо тууралуу мыйзамды талкууга койду

29.05.2019, 14:16 Акчабар
Улуттук банк видеобайкоо тууралуу мыйзамды талкууга койду

Улуттук банк  «Коммерциялык банктардагы видео байкоо уюштуруу тартиби» тууралуу мыйзамды коомдук талкууга алып чыгып жатат.

Мыйзамда «в» пунктун өзгөртүп 18 нормативдик-укуктук актыга төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты: «резервдеги кубаттуулук алуунун көлөмү (аккумулятор) видеокөзөмөлдү  30 минут үзгүлтүксүз камсыз кылышы керек».

Айтмакчы, учурдагы коммерциялык банктардагы талаптарга ылайык үзгүлтүксүз видео көзөмөлдү төрт саат кармашы керек.

Ошондуктан, Кыргызстандагы коммерциялык банктар Улуттук банка кайрылып, укуктук-ченемдик актыдан жогорудагы талапты алып салууну суранып кайрылышкан. Банктар бир нече филиалдарды 4 саат үзгүлтүксүз (автономдуу) түрдө видео байкоого алуу өтө оордук жаратып жатканын билдиришкен. 

Улуттук банк жогорудагы нормаларда өзгөртүү киргизүү  банк системасындагы коопсуздукка жана күзөт маселесине кошумча түйшүк жаратаарын эске алуу менен аны  30 минут автономдуу иштеп турсун деген сунуш киргизди.

«Долбоор коммерциялык банктардагы автономдуу видео байкоону оптималдаштыруунун негизинде сунушталууда», — деп билдирди Улуттук банктан. 

Тэги: видеонаблюдение Нацбанк комбанки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу