«КСДП» фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов парламенттин пленардык жыйынында пенсионерлердин жылдын-жылга өсүп жаткандыгын белгилеп, керектүү реформалар жүрбөй жаткандыгын айтты.
- Жыл сайын пенсионерлердин саны 30-40 миңге өсөт. Анын ичинен 60% жарандар жеңилдетилген пенсия алышат. Мындан ары кандай болот? Анда келгиле, 10 жыл иштеп коюп эле жеңилдетилген пенсия ала берели. Ошон үчүн эгерде Социалдык фонд чоң өзгөрүүлөргө барбаса , анда биз жарга келип такалабыз – деп айтты Өмүркулов.