2019-жылы Ошко Франциядан 10 миңге жакын турист келген

08.06.2020, 13:00 Акчабар
2019-жылы Ошко Франциядан 10 миңге жакын турист келген

Бүгүн 8-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Франциядагы Кыргызстандын элчиси Микаэля Руну кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы кырдаал, алакалар тууралуу маалымат берип, ОБСЕ жана дүйнөлүк өнүктүрүү банкы аркылуу бир катар кызматташкан долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, франциялык туристтердин көңүлүн бурган тоо туризми, Ленин чокусу Ошто жайгашкандыгын белгиледи. Ошондой эле өкүл туристтерге котормочу, гид даярдоо үчүн Ош мамлекеттик университетинде атайын чет тилдери факультети бар экендигин, анда бир катар адистер даярдалып жатканын кошумчалаган.

Элчи Ру жашыл туризм, маданият туризми боюнча Кыргызстан Европа, анын ичинде Франция туристтеринин көңүлүн бураарын, ага далил катары 2013-жылы КРга 2 миң 730 турист келсе, 2019-жылы 9 миң 300 турист келгендигин айткан.

Өкмөт өкүлү жеңил өнөр жай тармагында алака кеңейтүү да максатка ылайыктуу экендигин белгилеп, спорт кийимдеринин бренд дүкөндөр тармагын ачуу боюнча иштер башталып, азыр кырдаалга байланыштуу токтоп тургандыгын белгилеген.

Тэги: Өкмөт Ош облусу ыйгарым укуктуу өкүл Узарбек Жылкыбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу