УИА кызматкеткерлери чет элдик сапарларга 125 млн сом жумшаган

25.04.2024, 16:44 Акчабар
УИА кызматкеткерлери чет элдик сапарларга 125 млн сом жумшаган

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги 20дан ашык ченемдик укуктук актыларды аткарбай келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын коллегиясында айтылганын Reporter.kg жазды. 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмоновдун айтымында, үч жыл ичинде агенттик бир дагы инвестор таба алган эмес.

“Үч жыл ичинде мекеме 125 млн сомдон ашык бюджеттик каражат сарптап, анын өкүлдөрү 800 күндөн ашык чет элдик иш сапарларда иштеп, жыйынытыгында бир дагы инвесторду тартууга жетишкен эмес”, - деди ал.

Тышкы иштер министрлигинде болсо 2023-2024 жылдары ратификация иштери бүтпөгөн 16 эл аралык келишим аныкталып, жалпы 6 жолу кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Маданият министрлигинде 10дон ашык ченемдик укуктук актылар такыр аткарылбай, алардын айрымдары ар кандай шылтоолор менен 2 жылдан бери узартылып келүүдө. 

Тэги: аткаминер жумушчу сапар чыгым инвестиция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу