Өзбекстан Россия менен биргеликте кичи ГЭС куруп жатат

24.04.2020, 10:36 Акчабар
Өзбекстан Россия менен биргеликте кичи ГЭС куруп жатат

«Өзбекгидроэнерго» компаниясы Россия менен кызматташтыкта Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычына кичи гидроэлектр станциясын (ГЭС) кура баштады.

Долбоордун жалпы баасы 21,3 миллион еврого бааланган. Андагы «Өзбекгидроэнергонун» үлүшү 3,7 миллион еврону түзөт.

Курулуш долбоорунун башкы аткаруучусу катары Россиянын «Силовые машины – ЗТЛ, ЛМЗ, Электросила, Энергомашэкспорт» компаниясы тандалып алынган.

ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 10,7 МВт түзөт. Ага ар бири 5,35 МВт кубаттуулуктагы эки гидроагрегат орнотуу пландалган. ГЭС жылына 41,1 млн кВт саат электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.

Тэги: Өзбекстан Россия кичи ГЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу