Паракорчулук боюнча аткаминер жана анын кызына козголгон кылмыш иш Ысык-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү

11.11.2019, 10:33 Акчабар
Паракорчулук боюнча аткаминер жана анын кызына козголгон кылмыш иш Ысык-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү

Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Башкаруу секторунун орун басары «К.Н» жана анын кызы «А.Н.» козголгон кылмыш иш Ысык-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Tazabek  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөзүнө таянып, жазып чыкты. 

Көрсөтүлгөн айыптоолор боюнча маалыматтар такталып жатат  деп билдиришти Каржы полициясынан. 

Буга чейин маалым болгондой, 19-июлда Каржы полициясына жеке ишкер «Дж.Н.» тарабынан арыз келип түшкөн. Арызда Башкаруу секторунун орун басары кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланып, көп убакыттан бери 200 миң сомго чейин акча талап кылып келгени жазылган. 

Аны менен катар жабырлануучунун айтымында, акча берүүдөн баш тарткан учурда, органдар тарабынан ар түрдүү негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзөм деген коркутууларды айтып келген. 

Жыйынтыгында, Каржы полициясы 20-июлда «К.Н» жана «А.Н.» аттуу жаранды 1800 доллар акча каражатын алып жаткан (паракор) жеринен кармаган. 

 

 

 

 

Тэги: паракорчулук кылмыш иш Ысык-Ата райондук сот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу