Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерондун иш сапарынын алкагында инвестициялык фонд түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер брифинг учурунда билдирди.
Фонддун ресурстары 19,5 миллион долларды түзөт. Инвестициялык фонд Кыргызстандагы аялдар тарабынан иштелип чыккан чакан жана орто бизнести колдоо максатында түзүлүүдө.