Raex-Europe Кыргызстандын рейтинги «B» деңгээлине чыккан

03.07.2019, 09:02 Акчабар
Raex-Europe Кыргызстандын рейтинги «B» деңгээлине чыккан

Европалык абройлуу рейтинг агентиги ​ RAEX-Europe  Кыргызстандын суверендүү өкмөтүнүн  (SGC) улуттук валютада «B», чет элдик валютада  «B» деңгээлинде деп жарыялады. 

Айтмакчы,  «B» — деңгээли анчалык төмөн эмес, насыя төлөө кудурети боюнча аныкталган рейтинг. 

Рейтингдин прогнозу туруктуу. Орто мөөнөттө рейтингдеги баалоону кармап турууга шарттар бар. 

«Кыргыз өкмөтүнүн рейтинги «B» деңгээлинде болуп, туруктуу прогноз болгондуктан, келечекте экономиканы калыбына келтирип, акча агымын көтөрүү  менен долларга болгон көз карандыылыкты кыскартуу каралды», — деп билдирди Олена Колоколова, Rating Analyst RAEX-Europe компаниясынын өкүлү.

Улуттук банк тарабынан инфляциянын төмөндөтүлүшү,  насыя алуу  кудуретин жогорулаткан. 

«Мындан тышкары кредит бергендердин укуктарын коргоо, Жарандык Кодекстеги өзгөртүүлөр Кыргызыстандын рейтингде алдыга чыгууга шарт түзгөн. Ошентип, 2019-жылы  Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанда «Бизнес баштоого» ыңгайлуу деп таанышкан. Бирок, мамлекеттин карызы,  жакырчылыктын жогорку деңгээли жана кен казуу тармагына болгон  көз карандылык  Кыргыз экономикасын сырткы факторлорго туруштук берүүдө алсыз кылууда », – деп белгиледи Олена Колоколова.

Тэги: рейтинг Кыргызстан RAEX-Europe

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу