Россияда насыя үчүн турак жайды күрөөгө алуу тыюу салынат

30.04.2019, 10:15 Акчабар
Россияда насыя үчүн турак жайды күрөөгө алуу тыюу салынат

 Россиянын Мамлекеттик Думасы  мыйзам  кароодо, анда россиялыктарды микрокаржылык уюмдар менен колекторлордон коргоо каралууда. Анткени, элге мыйзамсыз карыз берип байып жаткандарга чара көрүү  тууралуу Lenta.ru Ички иштер министрлигине таянып жазып чыккан. 

Россиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери мыйзам даярдоого катышууда. Анда Интернет аркылуу паспортсуз кредитти каттого тыюу салууну карап  жатышат. Ошондой эле, мыйзамда карызын өндүрүп алууда адамдарга каттуу чара көрүүгө тыюу салынат. 

айтмакчы, Россиянын Жогорку Соту  29-апрелде  микрокаржылоо уюму чектөөсүз  пайыз өндүрүү туура эмес деп өкүм чыгарышкан. Ал эми  2-мартта  Федерация Кеңешинин төрайым Валентина Матвиенко  микрокредиттерди үйдү күрөөгө  алып берүүго тыюу салуу керектигин билдирген.  

« Россиянын  президенти Владимир Путин февраль айында микрофинансылык уюмдард менен коллекторлордун кардарларга карата мыйзамсыз аракеттерине тыюу салууга чакырган. Аны аткаруу Россиянын Борбордук банкы, ИИМ, Юстиция министрлиги, Тергөө комитети жана Башкы прокуратурага жүктөлгөн. Бул органдар 2019-жылдын 1-майына чейин отчет берүүсү», — керек деп жазат басылмада. 

Тэги: микрозаймы коллекторы Россия закон финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу