Си Цзиньпиндин Кыргызстанга келиши эмне берет?

31.05.2019, 09:30 Акчабар
Си Цзиньпиндин Кыргызстанга келиши эмне берет?

Кыргызстан менен Кытайдын узак убакытка кызматташуунунун алкагында  Си Цзиньпиндин Бишкекке келиши менен бир нече документтердин кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу XIV-кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссияда Экономика министринин орун басары  Эльдар Алишеров билдирди. 

Кызматташуунун алкагында соода-экономикалык алака түзүү Меморандумуна кол коюлат.  

Мындан тышкары экономикалык кармы катнашты күчөтүү үчун жарманке, форумдарды уюштуруу жана Кытайда Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүн ачуу каралууда. 

«Бизнес-миссия үчүн В2В-жолугушууларды уюштуруп, потенциалдуу өнөктөштөрүн табып берүүгө аракеттер жасалат», — деп билдирди ал. 

Кыргызстан менен КЭР э аралык чек ара соодасын түзүү үчүн Оштун Алай районунда Борбор түзүшөт. 

«Жогорудагы Борбор эки тараптын соода алкасын жандантат. Мындан тышкары Бишкек эркин экономикалык аймак  көргөзмө уюштуруп, эки өлкөнүн мыкты товарлары, өндүрүшү  менен тааныштыруу каралууда», — деп кошумчалады Алишеров.

Кыргызстан Кытайдан инвестиция тартууга кызыкдар. айрыкча, энергетика тармагына. Анда ГЭСтерди куруу, жаңылоого кытайдын финансысын колдонуу  каралууда.  

 

Тэги: Эльдар Алишеров экономика Китай Кыргызстан сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу