Израилдин Элчиси Лиат Вексельман айымдан ишеним грамоталарынын көчүрмөсү КР ТИМге жөнөтүлдү

13.02.2020, 09:50 Акчабар
Израилдин Элчиси Лиат Вексельман айымдан ишеним грамоталарынын көчүрмөсү КР ТИМге жөнөтүлдү

2020-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Израиль Мамлекетинин Элчиси Лиат Вексельман айымдан Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугуушу учурунда тараптар кыргыз-израиль кызматташтыгы жана соода-сатык, инвестиция, медицина, туризм жана билим берүү тармагындагы өз ара иштешүү тууралуу көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахманов Элчи Л.Вексельманды Кыргыз Республикасындагы жаңы дипломатиялык миссия менен куттуктап ийгиликтерди каалады. Элчи өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн болгон күчүн жумшаарын билдирди.

Тэги: ТИМ грамота

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу