Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов 28 -майда Tokyo Rope International Inc.компаниясынын президенти Казунор Сато менен жолугушту. Учурда Кыргызстандан беш геолог-инженер бул компанияда стажировка өтүп жатканын билдирди.
«Биздин компания Кыргызстандан 300 тоо-кен инженерлерин кабыл алууга даярбыз. Алардын айлык акылары Кумтөрдөгү адистердикинен кем болбойт», — деп билдирген Сато мырзы.
Tokyo Rope International Inc. — дүйнөдө болот канаттарды, көпүрө үчүн вант (металлдан жасалган курам), автошиналар үчүн металлокор, күн энергиясы үчүн зымдарды чыгарган алдынкы компания. Учурда 150 ашык туунду компаниялары дүйнө жүзүндө иштесе, 7 ири завод тоо-кен тармагында иштеп келет.