Айчүрөк борбордүк дүкөнү акционерлерге 19.3 млн сом дивидент төлөйт

16.05.2019, 10:15 Акчабар
Айчүрөк борбордүк дүкөнү акционерлерге 19.3 млн сом дивидент төлөйт

« Айчүрөк» борбордук универсалдуу дүкөнүн акционерлер жыйыны болуп, анда   19 млн 336.9 миң сом дивидент төлөйт. Жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар 5 сомдон турат. Бул тууралуу «Сенти» финансы компаниясы билдирди.

Дивиденттерди төлөө 3-июндан тарта «Айчүрөк» дүкөнүндө  1-кабатта жайгашкан «БТА Банкы» ЖАК аркылуу жасалат. 

Мындан тышкары акционерлердин чогулушунда директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча сый акы берүү  кабыл алынды. 

«Сый акы үчүн 60 миң сом бөлүнүп, ар бир адамга 20 миңден берилет», — деп маалымдайт компанияда.

2018-жылы компаниянын кирешеси 182 млн 142 мин сом болгон. 

«2018-жылдын аягында компаниянын активдери  1 млрд 594.48 млн сомго жеткен. Жыл аягындагы милдеттери боюнча — 157.83 млн сом каралса, компаниянын өздүк капиталы — 1 млрд 436.66 млн сом болгон», — деп билдирет  компаниянын өздүк булактары. 

Акционерлер Башкаруучу компаниядан  96 млн сом киреше алууну көздөп турушат. Ошондой эле, 2018-жылы орнотулган LED-экрананын ижарага берүүдөн 7 млн каражат табышы күтүлүүдө. Ушул эле учруда чыгашалап – 93 млн 153 мин сом болушу күтүлүүдө. 

Коомдук биркменин уставына дагы өзгөртүүлөр кирди. Анын ичинде Резервдик фонддун өлчөмү кайра каралды. Эми ар бир түшкөн таза кирешенин 2% резервдик фонддго которулат. Буга чейин резервдик фонддго таза кирешенин 10%  чегерилип келген.

Тэги: ЦУМ акции дивиденды прибыль бизнес экономика финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу