Абдраимов журналисттер менен чатакташып, кызматынан кол жууду

11.06.2019, 09:00 Акчабар
Абдраимов журналисттер менен чатакташып, кызматынан кол жууду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык кол койгон буйруктун негизинде Абдраимов Туйгунаалы кыргыз  Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Эскерте кетели, ушул жылдын  5- июнунда  журналисттер Чүй облусунун башчысы катары  Абдраимовдон Орок айылындагы чатак боюнча маалымат берүүнү суранышкан. Бирок, чиновник  бир гана  «Ала-Тоо 24» гана маалымат берем деп, башкаларга комментарий берүүдөн баш тарткан.

Дагы бир жагдай журналисттин ага жакпаган жүзү себеп болуп, ал жүзү жакпаган адамдарга жооп бербейм деп журналистти кемсинтүүгө алган. 

Журналисттер коомчулугу мамлекеттик кызматкер катары өз деңгээлигнде алып жүрбөгөн чиновникке карата флешмоб уюштуруп: « Мен журналистмин, мага өзүмдүн жүзүм жагат. Бирок, бийликтин жүзү жакпайт!» деген ураанды  #Абдраимовкетсин -деген хештег  менен коштошкон. 

Абдраимов бул кызматка 2018-жылы 25 майда келген. 

Тэги: Туйгунаалы Абдраимов отставка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу