Токтакунов: ТВЕАнын өкүлүнө коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат

02.12.2019, 13:35 Акчабар
Токтакунов: ТВЕАнын өкүлүнө коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат

2-декабрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБ Бишкекти жаңылоодогу жемкорлук боюнча айыпталып жаткан экс-аткаминерлерге карата соттук отурум болуп өттү. 

Сот учурунда талаш-тартыш болду. 

Адвокат Нурбек Токтакунов Сапар Исаковдун кызыкчылыгына карата, ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекке дагы жемкорлукка каршы кылмыш иши козголуп, бирок учурда белгисиз себептерден улам токтотулганын айтты.

«Мусажан Макелек азыркы учурда Бишкек шаарында. Прокурор анын сотко келишине эч кандай чара көрбөй жатат. Макелек учурда үй камагында, демек ал биринчи орунда келиши керек. Прокурор болсо, Макелекке карат иш – бул башка деп түшүндүрмө берүүдө», - деп айтты Нурбек Токтакунов. 

Коюлган 7 томдук күнөөнүн 49 барагында тең Макелектин Сапар Исаков менен тааныштыгы жок экендиги жазылган. Муну менен катар, УКМК 9 -  кызматы Макелек президенттик Аппаратка бир дагы жолу келбегендиги тууралуу  маалымат беришкен. 

«Макелектин  дарегине карата коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Андан Сапар Исаков менен болгон мамилеси тууралуу белгисиз бирлр телефон чалып, сурап жатышат. Сөз Сапар Исаков пермьер кезиндеги 18-май тууралуу болуп жатат. Коркуткандар анын кол тийбестигине кепилдик берип, эгер бул тууралуу Макелек ооз ачпаса, анда анын жашоосу түгөнөөрүн эскертишкен. Жүрүгүзүлүп жаткан текшерүү иштери ММКдагы жалган маалыматтарга таянышууда. Макелекке байланышка чыккандар: «Сен Исаковго каршы көрсөтмө берсең, анда биз сенин коопсуздугуңа  кепилдик беребиз. Эгер айтпасаң анда биз сени 20 жылга кесебиз. Мыйзам бизди угат. Биз кандай айтсак, ошондой болот» деп коркутуп жатышат, - деп билдирди Нурбек Токтакунов. 

Тэги: Токтакунов ТВЕА ЖЭБ Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу