Кыргызстанда Google аркылуу салык салуу мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу Tazabek Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди.
Учурда контекстик жарнама кеңири тароодо. Кыргызстандын резиденттери эместер дагы интернет-ресурстарды кеңири колдонуп, пайда табышууда.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Экономика министрлиги Россия колдонгон ыкманы алып, кыргызстандыктар аркылуу Google, Facebook киреше тап жатканыдыктан, салык салынып баштайт.
«Биз бул рынокту изилдеп чыктык. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуп, учурда бизде дагы мыйзам долбоору иштеп жатат», —деп билдирди Кадыров.
Айтмакчы, Россия Федерациясы Google 2017-жылдын 1-январынан тартып салык салып баштаган. Бул мыйзамга ылайык бир гана америкалык компания эмес Apple менен Microsoft, eBay интернет - аянтчасы, AliExpress жана ири оюн Steam дагы КНС 18% салык салынган.
Россияда КМС төмөндөгү кызмсаттарга карата салынат:
2018-жылы Google салынган салык Россияга 12 млрд рубль киреше алып келген, ал эми алгачкы жылы — 9.4 млрд түшкөнүн Федералдык салык кызматы билдирген. ,
Эскерте кетели, 2019-жылдын 1-январынан тарта КМС кирген компаниялардын тизмеси кенейип, эми ь b2b-компаниялар дагы салык төлөшот. Анткени, алар жеке ишкерлерге электрондук кызматтарды көрсөтүшөт. Эми Россияда КНС 20% көтөрүлүүдө.
Жогорудагыдай салыкты салууну бир гана Кыргызстан эмес, Таджикстан дагы киргизүүгө камынып турушат.