Кыргызстандагы Мамлекеттик салык кызматынын электрондук патент жакшы корголгон эмес деп Дмитрий Бондарев деген колдонуучу Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Акчабар» редакциясы бул постун автору Дмитрий Бондарев менен байланышып, э-патентент эмнеге корголбой, шылуундарга эмнеси менен ыңгайлуу кеңири айтып берди.
«Эгерде сайттарды epatent.gov.kg тиркемесине жөнөтсө, анда ал коопсуз, корголгон болот. Ал эми тиркеме жок болсо, анда ал корголгон эмес. Мисалы, электрондук патентин ээси тууралуу үчүнчү жак салык төлөөчүнүн жеке маалыматына кире алат», —деп түшүндүрдү Дмитрий.
Айрым шылуудндар корголбогон кыргызстандыктардын маалыматы аркылуу төлөм жасап салуусу толук ыктымаал деп билдирди. Ошол эле маалда, Дмитрий Бондаревге окшоп, салыкка кагаз патент алууга баргандар деле корголгон эмес. Алар да тобокелдикте турушат.
«Мен салыкта ыктыярдуу патент алууга келдим. Анда мага паспортумдун көчүрмөсүн талап кылды. Качан көчүрмө алып келсем, аны текшерген жок. Демек, каалаган паспорттун көчүрмөсү менен патент алып, иштей берсе болобу?», —деп белгиледи ал.