2019-жылдагы жасалган иликтөдөө жумушсуздардын саны 165 миң адамга жеткен. Анда 15 жаштан жогору эмгекке жарамдуу адамдар иликтөөгө алынган деп билдирет Улуттук статистика комитетинен.
Жумушсуздардын саны 6.2% жеткен. Баткен областында жумушсуздар көп— 9%, Нарында — 8.8%, Ысык-Көлдө— 8.4%, Чүйдө — 7.3% жана Бишкекте — 6.6% жумушсуздар бар.
Кыргызстандын башка аймактарында жумушсуздардын саны төмөндөгөн. Таласта жумушсуздар салыштырмалуу аз. Болгону 2.5% а эми Ошто 3% . Бул экономикалык активдүү адамдарга карата салыштыруу жасалган.