Кыргызстанда Интернет аркылуу жашоону башкаруу күч алды

16.05.2019, 09:45 Акчабар
Кыргызстанда Интернет аркылуу жашоону башкаруу  күч алды

Кыргызстанда  аралыктан туруп  Интернеттен буюм алып же кызматтарды башкарууну кеңейтүү каралууда. Эми  LoRaWAN өз кызматын рынокко киргизүүдө. 

Долбоорду Кыргызстандын уюлдук оператору «Smart Technologies» Россиянын ири компаниясы «Интернет вещей» (IOT)  «ЭР-Телеком Холдинг» компаниясы Actility —  электр кубаттуулугун үнөмдүү колдонгон дүйнөлүк  (Low Power Wide Area Network, LPWAN) компаниялары биригишти.

Долбоордун башында турак-жай коммуналдык жана тоо-кен казуу кызматтарына өзгөчө көңүл бурулат. LoRaWAN  түйүнүнө кошулуу турак-жай коммуналдык кызматтарын араылктан туруп, байкоо, маалымат чогултуу жана каражаттардын иштөөсүн көзөмөлгө алат. 

Иштеп чыгып жаткандардын айтымында LoRaWAN системасы тоо-кен казуу тармагында техникалардын иштөөсүн, авариялардын алдын алууга шарт түзөт. Жардыруу иштерин жасоодо аралыктан туруп башкаруу коопсуздукту камсыздайт. 

«Кыргызстандын ишканалары санариптештирүүгө  өтүүдө. Интернет буюмдары аркылуу бизнести эффективдүү кылат.  Анткени, 2022-жылдары Интернеттен туруп бизнести башкаруунун көлөмү $1.2 трлн өсөт. Санариптик экономиканын мүмкүнчүлүгүн пайдаланып IoT аймактарда өнөктөштөр менен 3—5  камсыздоого жетишсек жакшы найтыйжа болот», — деп билдирди «Smart Technologies»  ЖЧК техникалык директору Валерий Эм.

Интернет буюмдары төмөндөгү тармактардагы бизнеске мүмкүнчүлүк ачат:

  • Турак-жай коммуналдык тармактагы абалды аралыктан туруп байкоо, маалымат чогултуу жана кырсыктын алдын алуу;
  • имараттардын коопсуздугу( экстремалдуу чакыруу, аралыктан туруп башкаруу, күзөт, текшерүү систиемасы);
  • айлана чөйрөгө байкоо жасоо, темпиратураны аныктоо, нымдуулук жана башка кубулуштарды изилдөө;
  • көчөлөрдү акылдуу шамдар менен камсыздоо, унааларды токтотуу, имараттар менен жайларда видеобайкоо жүргүзүү
  • эмгектин коопсуздугу жана кызматкерлерди көзөмөлгө алуу;
  • транспорт менен логистика;
  • кен казуу жана айыл чарба тармагында;
  • аба ырайын мониторинг жасоо  (шамалдын багыты, ылдамдыгын, жаандын көлөмүн,температура, нымдуулук жана башка кубулуштарды аныктоо).

Тэги: Интернет вещей технологии бизнес цифровая экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу