Кыргызстанда 2018-жылы жакырчылыктын деңгээли 22.4% жеткен. Эң кедей адамдар Ошто жашашат, анткени 35.5% —жакыр болсо, Баткен областында — 33.8%, Жалал-Абадда— 32.2%,ал эми Нарында — 30.6%. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин докладында белгилүү болду.
Республиканын баардык аймагында жакырчылык төмөндөгөн. Былтыркы жылга салыштырганда Чүй областында өзгөрүү жакшы жагына жылып, ал 17.7% , Баткенде 6.7%, Ысык-Көлдө 2.6% жана Жалал-Абадда 0.4% жана борборубуз Бишкекте 0.5% жакырлар жашашат. Башка аймактарда жакырчылык өскөн. Ошто 2%, Нарында 1.4%, Таласта 1.4% жана Ошто 0.5%.
Өлкө боюнча 1 млн 249 миң 620 адам жакыр деп таанылган. Алардын ичинен 391 миң 232 адам жалалабадыктар. Жакыр адамдар айылдарда жашашат. Алар 23.7% түзүп, шаардыктардан айрымаланып 20.1% айылдык тургундар жакыр экени айтылууда.
Өйдө көтөрүлүү келечеги жок жакырчылыкта калктын 0.6% жашап, 35 миң адам жакырлар. Алардын 84.6% — айылдыктар.
«Буга чейинки маалыматтардагыдай эле Талас менен Ош областарында жакыр жашагандар көбөйгөн. Баткенде чекке жеткен жакырчылык 2.5% кыскарган, Чүй облусунда — 1.4%, Ошто — 0.6% жана Ысык-Көлдө- 0.1%. Жалал-Абадда чекке жеткен жакырлардын саны 1% өсүп, Бишкекте 0.3% жана Нарын — 0.2%», — деп билдирди Улуттук статкомдо.
Кыргызстан КМШ өлкөлөрү арасында эң жакыр мамлекет. Биздин республиканын көрсөткүчү 22.4%, бул 9.5% Россиядан жогору (КМШ боюнча Россия жакырчылыкта экинчи орунда турат). Улуттук статкомдун малыматына таянсак,Казахстанда жакырлар аз, алар 3.4% түзөт. Ал эми айрым мамлекеттерде жакырчылык индекси дегеле жок: Армения, Молдова, Таджикистан, Түркменистан, Өзбекистан менен Украинада.